
Бирназар уулу Муратаалы бий
Муратаалы бий (1782-1884) абдан кыйын учурда журт керегине жараган Кыргыз элинин ичиндеги эң көрүнүктүү элдик адамдардын бири. Ысык-Көл өрөөнүнүн катаал учурда башкарган саналуу адамдын бири катары ошол кездеги документтерде, маалыматтар топтолгон бардык архивдик материалдарда, тарыхый жана көркөм адабияттарда Муратаалы бий Бирназар улуунун аты аталат.
Ысык-Көл өрөөнүнү үчүн күрөшүп, өз эли - бугу уруусунун, жалпы кыргыз элинин келечеги үчүн бүткүл өмүрүн арнаган. Өмүрүнүн акырына чейин өз ата-бабалары мекендеген Нарынколдо (атактуу Кан-Тениринин түндүк жагы) жашап, дүйнөдөн өткөн. Ошол жерде Муратаалы бийдин атындагы дарыя азыр да бар. Сөөгү– Алматы областы, Райымбек районундагы аталган Мураталы дайрасынын жанында коюлган. Тарыхчы Белек Солтоноев “Кызыл кыргыз тарыхы” деген эмгегинде эскерип, Муратаалы бий 1882-83–жылдардын айланасында кайтыш болгондугу тууралуу маалымат берет.
Кыргыз тарыхы темасына калем шилтеген жазуучулар Т.Касымбековдун “Келкел”, К. Осмоналиевдин “Көчмөндөр кагылышы”, Э.Медербековдун “Кызыл жалын” романдарына Муратаалы бий тарыхый кейипкер катары кирген.
Бирназар бийлигин тун уулу Эсенаманга өткөрүп, ал кайтыш болгондо Муратаалы бийликке келген. Бирназар бий Жылкыайдарды да өз уулундай өстүрсө, анын уулу Тилекмат Муратаалы бийдин бир тууганы катары ишенген кишиси болгон.
Муратаалы бий Кыргыздын элдүүлүгүн түптөөгө салымдарын кыргыздын белгилүү бийлеринин бири. Анын эл тагдыры үчүн күрөшкөн кармандыгы, алысты көргөн даанышмандыгы, намысты бийик туткан баатырдыгы, адамдык бийик касиети элинин эсинде калды. Ал тууралуу элдик санжыра булактарда маалыматтар арбын. Мисалы, казак ханы Кенесарынын түндүк Кыргызстанга жасаган жоортуулуна каршы урушта Муратаалы бийдин адамдары катышып, анын уулу Калмурза эки жолу жеке-жекеге чыгып Наурузбайдын найзакерлерин сайып түшкөн. Муратаалынын улуу Калмурзанын Жантайдын кызын алганы да белгилүү. Орус офицери, казак эл өкүлү Ч.Валихановдун эмгектеринде Муратаалы бийдин аты абдан таасирдүү бийлик өкүлү катары аталат жана бугу элинин Россия империясы менен болгон дипломатиялык карым-катынашында Муратаалыга 1853-жылы ыйгарым укук белгиси мөөр – берилгени жазылат.
Орус колониялык администрациясынын бир канча ирет берген коркутуу мүнөзүндөгү эскертүүсүнө ал мойун сунбастан, адилеттикти, эл кызыкчылыгын көздөгөн өз позициясынан кайткан эмес. 1855-1861-жылдары болгон бул окуялар архивдик документтерде сакталып калган. Б.Жамгырчиновдун “Очерки политической истории Киргизии с России” деген 1959-жылы Москвада жарык көргөн эмгектеринде кеңири чагылдырылган. Муратаалы бийдин орус империясына каршы турушу 1867-жылы бир канча кырдаалдарды камтыган окуялардан кийин гана токтолот.
Тарыхый документтерден көрүнүп тургандай, Муратаалы бий “кантсем элимди кыйын абалдан чыгарам”, - деп, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кокондуктар менен да, орус падышалыгы менен да, кыргыз уруулары менен да абалга жараша мамиле жасаган, өз сезим-кызыкчылыгынан элдин тынчтыгын жогору койгон.
Кыргыз элинин тарыхындагы абдан катаал шарттарда да өзүнүн намыстуу руху-духун сактаган Муратаалы бийдин элесин эскерүү жалпы эл үчүн абдан керек.
Кыргыз элинин тарыхындагы намысты туу туткан, өз камын эмес, элдин камын көрүп, анын келечеги үчүн күрөшкөн чыгаан адамдарды эскерүү аркылуу гана элдик мамлекет түптөлө алат.